Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз өлкөсүнүн Кувейттеги элчилигинин ачылышына катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-декабрда Кувейт мамлекетине болгон расмий сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Кувейттеги элчилигинин ачылыш аземине катышты.

Мамлекет башчы өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн имаратын көрүп чыгып, Кыргыз Республикасынын Кувейттеги элчилигинин кызматкерлери менен жолугушту. Дипломатиялык өкүлчүлүктүн ачылыш аземине Кувейттин биринчи вице-премьер-министри, тышкы иштер министри шейх Сабах Халед аль-Хамад аль-Сабах жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев дагы катышты.

Элчиликтин ачылыш аземинен кийин президент Катар мамлекетине иш сапары менен жөнөп кетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан