Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 22-декабрда Орусия Федерациясына жасаган иш сапарынын алкагында “Газпром” ишканасынын төрагасы Алексей Миллер менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын газ бөлүштүрүү системин өнүктүрүү, газ менен камсыздалган объекттерди реконструкциялоо, аймактарга газ жеткирүү боюнча компаниянын учурдагы ишмердиги, ошондой эле өлкөнүн энергетикалык секторуна инвестиция салуу боюнча пландар талкууланды. Бүгүн президент Бишкекке кайтып келет.