Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңеште "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтүп жатат. Ага өкмөт башчы Темир Сариев баштаган өкмөт мүчөлөрү, депутаттар жана коомчулуктун өкүлдөрү катышып жатат. Учурда өкмөт өкүлдөрүнүн баяндамасы угулууда. Андан кийин талкууга өтүшөт.
Эске салсак, 2016-жылдагы республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 124 миллиард 399 миллион сом, жалпы чыгашасы 146 миллиард 853 миллион сом өлчөмүндө белгиленүүдө. Бюджеттин тартыштыгы 22 миллиард 453 миллион сом деңгээлине чыгат. Бул ички дүң өнүмгө карата – 4,5 пайыз.
Ал эми 2017-жылдагы республикалык бюджеттин кирешеси 131 миллиард 504 миллион сом өлчөмүндө болжолдонуп, ал 2018-жылы 142 миллиард 212 миллион сомго чейин көбөйөт. Ал эми 2017-2018-жылдары мамлекеттик бюджеттин чыгашалары 170 миллиард 800 миллион сомду жана 175 миллиард 724 миллион сомду түзөрү болжолдонууда.