Бүгүн, 22-декабрда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Урмат Аманбаеванын соту анын ден соолугуна байланыштуу жылдырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Аманбаеванын жактоочусу Жыргал Бабаев билдирди.
Анын айтымында, жакында Аманбаевага операция жасалган. "Бүгүн шаардык сотто Октябрь райондук сотунун чечими боюнча Аманбаеванын апелляциясы каралышы керек болчу. Судья соттук жыйынды 2016-жылдын 12-январына жылдырды",- деди адвокат.
Эскерте кетсек, экс-депутат Урмат Аманбаевага Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши ачылган. "Коррупция" беренеси менен айыпталып жаткан мурдагы депутат мамлекетке 17 миллион 263 500 сом зыян келтиргени айтылган. Ал Ош облусундагы Кургак учук менен күрөшүү борборунун башкы эсепчиси болуп турганда мыйзамсыз иштерди жасаганы маалымдалган.
13-ноябрда Октябрь райондук соту Урмат Аманбаеваны 9 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоо боюнча өкүм чыгарган. Аманбаева өзүнө козголгон кылмыш ишин негизсиз деп эсептеп жана тагылып жаткан айыптарга макул эместигин айткан.