Бишкекте кен тармагындагы кирешелердин айкындуулугу боюнча улуттук конференция өтүүдө

Бишкекте 23-декабрда кен тармагындагы кирешелердин айкындуулугу боюнча улуттук конференция өтүүдө. Иш-чараны Экономика министрлиги, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги, Дүйнөлүк банктын колдоосунун алдында Кен тармагындагы кирешелердин айкындуулугу демилгесинин катчылыгы уюштурууда.

Иш-чарада 2013-2014-жылдардагы кирешелердин айкындуулугун арттыруу боюнча аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылып, бул жааттагы көйгөйлөр талкууланууда. Ага тийиштүү министрликтин өкүлдөрү,
тоо-кен иштетүүчү компаниялар, жергиликтүү бийлик органдары, бейөкмөт уюмдар, эксперттер, коомдук активисттер катышып жатат.

Белгилүү болгондой, тоо-кен жаатындагы айкындуулукту арттыруу жана жаратылыш ресурстарын эффективдүү пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасы 2004-жылы Глобалдык демилгеге кошулган. Ошол демилгенин кыргыз жериндеги катчылыгынын жетекчиси Карыбек Ибраев өлкөдө иш алып барып жаткан кен иштетүүчү компаниялардын ишмердүүлүгү боюнча анализ жүргүзүлгөнүн айтып өттү. Анда ишканалардын салык төлөмдөрү, сатуу жана сатып алууларынын көлөмдөрү текшерилген. Азыркы тапта изилдөөнүн жыйынтыгы коомчулуктун талкуусуна коюлду.

"Кен тармагындагы айкындуулук инвестиция тартууга, кендерди изилдөөгө, чалгындоо иштерин жүргүзүүгө, фискалдык саясаттын турукташуусун, аймактык экономиканын өнүгүшүн жана жумуш орундарынын көбөйүшүн шарттайт",- деди Ибраев.

Жаратылыш ресурстарын пайдалануудагы айкындуулукка коомчулук кызыкдар болуш үчүн конференцияга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, кен иштеткен компаниялардын кызматкерлери келгенин айткан экономика министринин орун басары Туратбек Жунушалиев тоо-кен тармагындагы өнүгүүнүн бирдиктүү багытын аныктоочу стратегиянын максатына токтолду. Алар: тармактын туруктуу өнүгүшү, бул жааттан түшкөн кирешелерди экономиканын башка тармактарына пайдалануу, айлана-чөйрөгө терс таасир тийгизүүнү азайтуу, жергиликтүү коомчулук, ишкана жана мамлекеттин кызыкчылыгын сактоо, чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу.

Парламенттин отун-энергетика жана кен иштетүү комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев Жогорку Кеңеш кен иштетүү тармагындагы айкындуулук демилгесин жигердүү колдоп жатканын белгилеп: "Кыргыз мамлекетин инвесторлор үчүн бейиш деп айта албайм. Ошентсе да алардын ишмердүүлүгү көзөмөлдөнүшү керек. Өз кезегинде мамлекет инвесторлорго жакшы шарт түзүп берүүсү кажет. Мурун өкмөттө компанияларга лицензия берүүдө чектөөлөр бар эле. Ал эми ишканалардын жергиликтүү тургундар менен мамилеси эске алынчу эмес. Учурда мындай көрүнүштөр жоюлууда",- деди.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан