2014-жылдын республикалык бюджетинин аткарылышы боюнча Эсептөө палатасы бюджеттик жоготуу 7 миллиард 388,6 миллион сомду түзгөнүн билдирген. Каржы министри Адылбек Касымалиев 23-декабрда парламентте тийиштүү жетекчилер административдик жоопкерчиликке тартыла турганын айтты.
"Өкмөт жыйынында министрлерге тапшырма берилип, 2015-жылдын 1-апрелине чейин тийиштүү чараларды иштеп чыгуу каралган. Жоготуу боюнча күнөөлүүлөр административдик жоопкерчиликке тартылышат",- деди Касымалиев.