Дастан Бекешев: "Өкмөт каржы каатчылыгы маалында мамлекеттик мекемелердеги ар кандай негизсиз кошумча төлөмдөргө чек коюшу керек"

"Өлкө экономикасын доллардан арылтуу чаралары көрүлүүгө тийиш",- деп айтты депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин 23-декабрдагы жыйынында. "Мисалы, билим берүү тармагында эсептешүүлөр чет өлкөлүк валютада жүргүзүлөт. Сом кунунун түшүшү менен билим берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы атайылап көтөрүлүүдө. Өкмөт улуттук валютада эсептешүүлөрдү жүргүзүү чараларын көрүшү керек",- деди ал.

Андан сырткары Дастан Бекешев айрым мамлекеттик органдардын кызматкерлерине "компьютерде иштегени үчүн" деген шылтоо менен кошумча эмгек акы төлөнүп жатканын, өкмөт каржы каатчылыгы маалында мамлекеттик мекемелердеги ар кандай негизсиз кошумча төлөмдөргө чек коюшу керектигин баса белгиледи. Премьер-министр Темир Сариев бул маселени иликтеп чыгып, тиешелүү чараларды көрүүгө убада берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан