Жогорку Кеңеште 2015-жылдын республикалык бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси талкууланып жатканда депутат Иса Өмүркулов бюджет долбоорундагы салык кирешесинин өлчөмүнө кайрылып, өкмөт өкүлдөрүнө "Эмне үчүн мыйзам менен долбоордо салык кирешеси боюнча 5 миллиард сом көлөмүндө айырма чыгып калды?" деп суроо салды.
Премьер-министр Темир Сариев Кыргыз Республикасы ЕАЭБден 1,9 пайыз үлүш ала тургандыктан, мурда салык кирешеси ошол деңгээлде пландаштырылганын, бирок ЕАЭБ өлкөлөрүндө импорт көлөмүнүн төмөндөшүнөн улам бюджетке 3,8 миллиард сом салыктык киреше алынбай калганы менен түшүндүрдү.
Депутат Иса Өмүркулов республикалык бюджет импорттук кыскаруулардан эле эмес, баалуу кагаздардан 1 миллиард сомго чейин, салыктан 1 миллиард сомдон ашуун, акцизден 500 миллион сом каражат албай калганын баса белгиледи.