Депутаттар Токтогул ГЭСинде болгон авария боюнча маалымат берүүнү талап кылышты

Бүгүн, 23-декабрда саат 08:00 чамасында Токтогул суу-электр станциясында авария орун алып, станция кыска убакытка токтогон. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аскарбек Шадиев бул боюнча тиешелүү жактын маалымат берүүсүн талап кылды.
"Өтө чоң авария болуптур, министрлик жоюлуп кеткендиктен, бул боюнча өкмөт маалымат берип койсун. Авариянын жаңы жылдын алдында болуп жатканы электр тармагына кедергисин сөзсүз тийгизет",- деди Шадиев.
Авариянын себеби азырынча жарыялана элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан