Бакыт Төрөбаев: "Ата мекендик ун өндүрүүчүлөрдү Казакстандан буудай алып кирүүдө салыктан бошотпосок, 3 миллиард сомго зыянга учурайбыз"

"Ата мекендик ун өндүрүүчүлөрдү Казакстандан буудай алып кирүүдө салыктан бошотпосок, 3 миллиард сомго зыянга учурайбыз",- деп айтты "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев. Башка депутаттар да ун өндүрүүчүлөрдү салыктан бошотууну колдошууда. Депутат Дастан Жумабеков: "Ата мекендик ун өндүрүүчү ишканалар ишин токтотуп койсо, эл өстүргөн буудайын кайда алып барып ун чыгарат?"- деди.

Бул мыйзам долбооруна айрым депутаттар каршы чыгышууда. Депутат Жыргалбек Турускулов: "Салыктан бошотулса, ун өндүрүүчүлөр буудайды Казакстандан салыгы жок алып өтүшөт. Бул өзүбүздүн дыйкандарга "буудай өстүрбөгүлө, Казакстандан арзан алынып жатат" дегендик",- деп айтты. Айрымдары "Кыргыз жеринде буудай эгилбей калып, чет жерде жаратылыш кырсыгынан улам буудай кирбей калса, азык-түлүк коопсуздугу кандай жагдайга туш болот?" деген да ойлорду билдиришти.

Талкуудан соң мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан