Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешелеринин, ресурстарынын жана бюджеттик чыгашаларынын кошумча каржылык планына ылайык, 2015-жылдын декабрына кошумча чыгымдардын жалпы көлөмү 1 миллиард 980 миллион сомду түзөт. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирет.
Кошумча чыгымдардын көбүрөөк бөлүгү «имараттар жана курулмаларга» бөлүнөт. Атап айтканда, финансылык эмес активдер боюнча кошумча чыгымдар 694,5 миллион сомду түзөт, анын ичинде «имараттар жана курулмалар» беренеси боюнча чыгымдар 592,7 миллион сомду, «машиналар жана жабдуу» беренеси боюнча 98,4 миллион сомду түзөт, башка негизги фонддорго 3,4 миллион сом жумшалат.
Финансылык активдер боюнча чыгымдар 284 миллион сомду түзөт. Анын ичинен бюджеттик ссудаларга 200 миллион сом, жаратылыш кырсыктарын жоюу боюнча иш-чараларга 84,8 миллион сом жумшалат.
Операциялык чыгымдарга (министрликтер, ведомстволор жана бюджеттик мекемелер аркылуу каржылануучу чыгымдарга) 882 миллион сом жумшоо пландалууда. Кошумча операциялык чыгымдар боюнча негизинен корголбогон чыгашалар беренелери (кызматтык сапарларга, ижара акысына, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө кеткен чыгымдар, транспорттук чыгымдар, башка кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга жана башка чыгымдар) каржыланат.
Эске сала кетсек, 2015-жылдын декабрына негизги финансылык план боюнча республикалык бюджеттин жалпы ресурстарынын финансылык планы 18,9 миллиард сом суммасында, жалпы чыгашалардыкы 9,9 миллиард сом суммасында түзүлгөн болчу.