2016-жылы өлкө аймагындагы бардык мектептер интернет менен камсыздалат

2016-жылы өлкө аймагындагы бардык мектептер интернет менен камсыздалат. Бул тууралуу Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Аскарбек Шадиев парламент жыйынында айтты. Шадиевдин билдиришинче, мындай программа 2016-жылдын республикалык бюджетинин долбооруна киргизилди. Ал үчүн өкмөт 100 миллион сом бөлүүдө. Ошондой эле аталган каражатка ар бир мектепке экиден плазмалык сыналгы жана ресивер сатылып алынат.

Жогорку Кеңеш "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзам долбоорун 2-окууда карап жатат. Жыйында өкмөт башчы Темир Сариевдин баяндамасы угулууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан