"Токтогул ГЭСиндеги авария боюнча жоопкерчиликти алууга даярбыз",- деп айтты өкмөт башчы Темир Сариев парламентте Токтогул ГЭСиндеги авария боюнча депутаттарга маалымат берип жатып. Өкмөт башчы атайын комиссия түзүп, кырсыкты иликтөө үчүн тапшырма бергенин билдирди. "Кечээ ыкчам жыйын өткөрүп, комиссия түздүк. Комиссия кырсыктын себебин иликтеп жатат. Белгилүү болгондой, кезекте турган трансформатор күйүп кетип, майы агып калган. Ал иштен чыкты",- деди Сариев.
Сариев өкмөт кышка толугу менен даяр экенин кошумчалады. "Өкмөт кыш мезгилине толугу менен даяр. Өлкө аймагында газ, свет, жылуулук толугу менен бар",- деди ал.