Калкты жылуулук менен камсыздоону жергиликтүү бийликке өткөрүп берүү пландалып жатканын Кыргыз турак жай-коммуналдык бирикмеси ишканасынын директору 24-декабрда парламент жыйынында билдирди. Анын билдиришинче, калкты жылуулук энергиясы менен камсыздоону жергиликтүү бийлик өз милдетине алышы керек.
"Жылуулук энергиясын субсидиялоого бюджеттен 2016-жылга 1 миллиард 346 миллион сом бөлүнүп берилди, бирок 2017-жылы каржылоону 20 пайызга кыскартышыбыз кажет. Жыл сайын кыскартып отуруп, жергиликтүү бийликке өткөрүп беришибиз керек",- деди мекеме жетекчиси.
Өкмөт башчы Темир Сариев жылуулук энергиясын субсидиялоодо теңсиздик бар экенин кошумчалады.