"Өкмөт эки лотереялык компания түзөт". Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев парламент жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты. Сариев андан түшкөн каражат маданият жана спорт тармагын каржылоого жумшала турганын кошумчалады. "Эки компания түзүп, биринчисинен түшкөн каражат маданиятты колдоого, экинчисинен түшкөн каражат спортту колдоого бөлүнөт. Бул абдан кирешелүү тармак экен",- деди Сариев.
Эл өкүлдөрү жыйында аймактардагы Маданият үйлөрүн жана китепканаларды Маданият, маалымат жана туризм министрлигине өткөрүп берүүнү сунушташты.