Депутаттар "Кумтөр" ишканасы 1-январдан тарта мыйзамсыз иштеп калабы? Кендин мындан аркы тагдыры кандай болот?" деп тынчсызданышууда

Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасынын 2016-жылдагы бюджетинин долбоору каралып жатканда депутат Азамат Арапбаев "Кумтөр" долбоорунун келечегине байланыштуу собол салды. "Суу кодексине түзөтүүлөрдү киргизүү демилгеси сунуш кылынган мыйзам долбоорун кароону токтотуп койдуңар. Эмне, "Кумтөр" ишканасы 2016-жылдын 1-январынан тарта мыйзамсыз иштеп калабы? Кендин мындан аркы тагдыры кандай болот?"- деди ал.

Премьер-министр Темир Сариев Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору кайра чакыртылып алынбаганын, тек гана парламенттин тармактык комитетинен аны келерки жылдын башынан тарта кароону өтүнгөнүн билдирди. "Комиссия алтын кенинин аймагында жайгашкан мөңгүлөрдүн абалын текшерди. Биз эми анын корутундусун иликтеп чыгышыбыз керек. Ал эми "Кумтөр" долбоорунун келечегине кайрылсак, ал боюнча парламенттин да, өкмөттүн да ишкананын ишин үзгүлтүккө учуратпоо тууралуу чечими бар. Суу кодексине өзгөртүүлөр киргизилгенче анын ишин убактылуу узарта турабыз",- деп жооп берди. "Кумтөр" бюджеттин киреше бөлүгүнүн 5 миллиард сомдон ашуун бөлүгүн түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан