Өкмөт башчы Темир Сариев Жогорку Кеңеште 2016-жылдын республикалык бюджетинин долбоору талкууланып жатканда мектептердин курулушуна бөлүнчү каражат кайра каралып жатканын айтты. Анын билдиришинче, өлкө аймагында курулуп жаткан мектептердин сметалык баасына толук көзөмөл болбогондуктан, курулуштары ар кандай баада жүргүзүлгөн. "Азыр өкмөт чектөө киргизип жатат. Буга чейин 1 чарчы метри 600 доллардын тегерегинде бүткөрүлүп келген. Мындан ары 450 доллардан ашпайт. Анын ичинде ашкана, спорттук жай жана ажаткана болот",- деп айтты.
Депутаттар аймактарда ошол эле 250, 300 орундуу мектептердин биринин курулушу 45 миллион сомго бүткөрүлсө, экинчиси 60 миллион сомго бүткөрүлүп жатканын айтышып, бул боюнча тендерлерге көзөмөл жок болуп жатканын билдиришкен.