24-декабрга караган түнү Самарканд шаарында Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун агасы Ибодулло Каримов 91 жашында көз жумду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Алдын ала маалыматтар боюнча, анын сөөгү президенттин башка бир тууганы жерге берилген "Шахи Зинда" мемориалдык комплексинин аймагына коюлат. "Шахи Зиндага" көбүнчө бийлер жана белгилүү адамдардын сөөгү коюлуп келет.