Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев казинолордун иштешине кайрадан уруксат берүү боюнча өкмөттүн демилгесин колдойт. Муну президент бүгүн, 24-декабрда журналисттер менен жолугушууда билдирип, бирок бул үчүн айрым талаптар болушу зарылдыгын эскертти.
"Кумарканалар үчүн атайын аймак болушу керек жана ага мамлекетибиздин жарандары кирбегидей болушу шарт. Ушундай шарт менен гана кайра уруксат берсек болот. Ансыз деле азыр жашыруун иштеген казинолор бар",- деди Атамбаев.
Эскерте кетсек, өлкөдө казино, оюн автоматтарынын иштешине 2012-жылдын 1-январынан тарта тыюу салынган. Жакында өкмөттө казинолорду кайра ачуу демилгеси көтөрүлдү. Кумарканалар Бишкектин четине ачылары айтылууда.