Депутаттар "өкмөт казино ачуу үчүн элдин көңүлүн буруп жатат, бирок эл колдобойт" дешти

Жогорку Кеңеште 2016-жылдын республикалык бюджетинин долбоорун кароо улантылууда. Суроо-жооп бүтүп, талкууга өтүштү. Айрым депутаттар бүгүн да өкмөттүн казино ачуу демилгесине каршы пикирлерди айтышты.
Депутат Төрөбай Зулпукаров демилгеге Бизнес ассоциациясы да каршы экенин айтты. "Өкмөт демилгени Бизнес ассоциациясы сунуштап жатканын айтканынан мен ассоциация өкүлдөрү менен сүйлөштүм. Алардын өздөрү каршы экен. Демек, бул эки ишкердин гана кызыкчылыгы. Өкмөт азыр телеканалдар аркылуу казино ачууга маалымат берип, коомдун көңүлүн бурууга аракет кылып жатат. Муну коомчулук колдобойт, мыйзам долбоорун парламентке киргизбей койсоңуздар деле болот",- деп айтты Зулпукаров.

Депутат Канатбек Исаев да каршы оюн билдирди. Ал бюджетти толтуруу үчүн башка булактарды кароону сунуштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан