"Атамбаевдин, Сариевдин тушунда миллионер Жалил Атамбаевдин ордун башка жактан көрсөтүш керек" деп айтты Жанар Акаев

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев Баткен облусунун Бел-Алма кениндеги маселеге токтолду. Анын билдиришинче, аталган кенде көмүр мыйзамсыз казылып алынууда.
"Темир Аргенбаевич, өткөндө өкмөт мүчөлөрүнө айттым эле, эми өзүңүзгө айтып коёюн. Көмүр казып жаткан ишкананын артында Оштогу миллионер Жалил Атамбаев турат. Жакында ал улак тартыш уюштурду. Бул жакта өкмөт бюджетти толтура албай жатса, ал көмүрдү уурдап жатат. Ал "эмне болуптур, башкалары да уурдаган, мен аларга караганда ыймандуу уурумун" деп айтыптыр. Көмүрдү уурдаганы тартылган видеолору интернетте жайнап жүрөт. Курманбек Бакиевдин заманы болсо мейли эле, "Максим же Жаныш менен сүйлөшүп алган" деп ойлойт элек. Алмазбек Атамбаевдин, Темир Сариевдин жана биздин тушубузда Жалил Атамбаевдин ордун башка жактан көрсөтүш керек. Анан да Жалил Атамбаев Ош окуясында жабыркагандарга салынган үйдөн үч батир алганы кабарланган. Өкмөт башчы катары карап чыгыңыз, мен жетиштүү маалыматтарды берейин",- деди Акаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан