Жогорку Кеңеш 2016-жылга республикалык бюджет жана 2017-2018-жылдарга божомолу жөнүндө мыйзамды кабыл алды

Бүгүн, 24-декабрда Жогорку Кеңеште депутаттар "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга божомолу жөнүндө" мыйзам долбоорун талкуулап, экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алышты. Мыйзам долбооруна 112 депутат "макул", 3 депутат "каршы" деп добуш берди.

Алгач суроо-жооп болуп, жалпы 50гө жакын депутат суроо берип, жооп алышты. Андан кийин ар бир фракциядан экиден депутатка сөз берилип, алар да өз сунуштарын айтышты. Жыйын жүрүшүндө депутаттар социалдык көйгөйлөргө жана бюджеттин чыгаша бөлүгүнө басым жасашты. Республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 124 миллиард 399 миллион сом, жалпы чыгашасы 146 миллиард 853 миллион сом, бюджет тартыштыгы 22 миллиард 453 миллион сом өлчөмүндө белгиленүүдө. Ал эми ички дүң өнүм көлөмү 501 миллиард 582 миллион сомго жетип, өнүгүү деңгээли 5,2 пайызды түзөт.

Депутаттар учурдагы экономикалык абалды эске алып, "2016-жылга республикалык бюджет жана 2017-2018-жылдарга божомолу жөнүндө" мыйзамды амбициялык мыйзам катары баалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан