24-25-декабрь күндөрү Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинде «Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын долбоорлоруна антикоррупциялык экспертиза» деген аталышта эки күндүк тренинг өтүүдө. Ага ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун анализдөө боюнча ишти түздөн-түз алып барган Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин борбордук аппаратынын жана ведомстволук бөлүктөрүнүн кызматкерлери катышууда. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин 2015-жылдын 7-майындагы №74-Б «2015-2017-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча программаны жана 2015-жылга коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө» буйругунда каралган милдети болуп саналат.
Көрсөтүлгөн буйруктун алкагында Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинде ар кандай иш-чараларды жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2-февралындагы №26-жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Антикоррупциялык саясатынын стратегиясына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы №170 «2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын Антикоррупциялык саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө» токтомуна негизделген.