Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын 25-декабрдагы жыйынында Кыргыз Республикасында көмүр казып алуу, калкты камсыздоо, ички жана тышкы керектөөлөргө сатуу, ошондой эле көмүрдү импорттоо жана экспорттоо маселеси каралып жатат. Жыйында депутат Зиядин Жамалдинов “Кыргызжилкоммунсоюз” мамлекеттик ишканасын жоюуну сунуштады. Анын пикиринде, аталган ишкананын бүгүнкү күндө кереги жок. "Азыр мектептерди айыл өкмөттөрү өздөрү эле тендер өткөрүп, көмүр менен камсыз кылууда. Бул ишкана ортомчулук гана кылып жатат. Ошондуктан азыр фракциянын токтомуна ушул маселени киргизип, чечим кабыл алышыбыз керек",- деди депутат.
Өкмөттүн өкүлү фракция чечим кабыл алгандан кийин карап чыга турганын билдирди.