27 айылдын таза суу көйгөйүн чечүү үчүн өкмөт 100 миллион сом бөлүүдө

Өкмөт таза суу көйгөйүн чечүү үчүн 2016-жылга 100 миллион сом бөлүүдө. Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев бул каражатка 27 айылдын көйгөйү чечиле турганын "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын жыйынында билдирди. Анын билдиришинче, таза суу көйгөйүн чечүү үчүн төрт жана он жылдык программа иштелип чыккан. Бул эки программаны ишке ашыруу үчүн жалпы 5 миллиард 132 миллион сом сарпталат.

"Өкмөт башчы жылына 100 миллион сомдон кем эмес каражат бөлүнсүн деген тапшырма койду. Өткөн жылы 25 миллион бөлүнсө, быйыл 100 миллион бөлүнүп жатат. Бирок биз 500 миллион сом сурап жатканбыз",- деди Токтошев.

Депутаттар Мирлан Бакиров жылына 100 миллион сом аз экенин айтты. "Долбоорду карап жатканда 200 миллион сом деп каралган. Ошондуктан өзгөртүү киргизип, каражатты көтөрүү керек",- деди Бакиров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан