КРнын Вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиева Чүйдө ата-энеси таштап кеткен балдардын окуясын жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу 25-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Тийиштүү министрликтердин жетекчилери менен болгон жыйында Алишеровдордун балдарын социалдык жактан коргоо боюнча Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине, балдарга документ алып берүү боюнча ИИМге тапшырма берилди. Мындан тышкары алардын апасын кайра алып келүү же туугандары тарабынан камкордукка алынуусун камсыздоо буюрулду. Ошондой эле балдардын ден соолугун карап, азыркы жашап жаткан жерде тиешелүү шарттардын түзүлүшү боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Бишкек мэриясына айтылды.
Эске салсак, Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунда энеси төрт баласын таштап кеткени тууралуу Жашы жете электердин иши боюнча инспекциянын кызматкерлери жүргүзгөн рейдде белгилүү болгон. Учурда үй-бүлөнүн 2 жаштагы уулу жана 2 айлык кызы Токмоктогу балдар үйүнө жайгаштырылды. Ал эми 4 жаштагы кызы менен 6 жаштагы уулу Бишкектеги кароосуз калган балдар үйүнө алынып келинди.