КСДП фракциясы акыйкатчы кызмат ордуна Кубат Оторбаевдин талапкерлигин тандады

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын 25-декабрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы кызмат ордуна талапкер тандалды.

Фракция лидери Чыныбай Турсунбеков фракцияга 29 талапкер арыз менен кайрылып, документтерин тапшырганын, алардын арасынан бир талапкерди тандап алуу керектигин билдирди. Ал талапкерди мыйзам чегинде гана тандоо зарылдыгын кошумчалады.

Бюллетень аркылуу жашыруун добуш берүү жыйынтыгында 29 добуш менен Кубат Оторбаевдин талапкерлиги тандалып алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан