Калкты күз-кыш мезгилдеринде отун-суу менен камсыздоо маалында өкмөткө 80 пайыз көмүрдү жергиликтүү көмүр кендеринен алуу талабы коюлду

Калкты күз-кыш мезгилдеринде отун-суу менен камсыздоо маалында өкмөткө 80 пайыз көмүрдү жергиликтүү көмүр кендеринен алуу талабы коюлду. Мындай талап бүгүн, 25-декабрда “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жыйынындагы Кыргыз Республикасында көмүр казып алуу, калкты камсыздоо, ички жана тышкы керектөөлөргө сатуу, ошондой эле көмүрдү импорттоо жана экспорттоо маселесин кароонун жыйынтыгында коюлду.

Депутат Абдыкапар Султанов Кыргыз Республикасында жетишерлик көмүр кен запастары болсо да, алар толук көлөмдө пайдаланылбай келе жатканына кеңири токтолду. Анын айтымында, көйгөй көмүрдү сатуу маселесине такалат. Ал ата мекендик көмүрлөр Жылуулук электр борборлоруна жеткирилиши менен 36 долларды түзөрүнө карабастан, Казакстандын көмүрлөрү 56 доллар менен алынып келип жатканын сынга алды. Султанов “Кыргыз турак жай-коммуналдык союз” мамлекеттик ишканасы 90 пайыз казак көмүрүн жагып келип, Жогорку Кеңештин тиешелүү токтомунан кийин гана ата мекендик көмүрдү ала баштаганын эске салды.

Жыйынга чакырылган экономика жана өнөр жай министринин орун басары Айбек Калиев Бишкек жылуулук электр борбору модернизацияланып, Кара-Кечедеги көмүр кенине ылайыкташтырылып жатканын, Казакстандын көмүрүнүн сапаты (гигакалорий) биздикинен жогору болгондуктан сатылып алынып жатканын чечмелеп берди. Жалпы республика аймагында 70ке жакын көмүр кени бар экенин айткан Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин өкүлү Бел-Алмадагы көмүр кенин мисалга тартып, анын сапаты Казакстандын көмүрлөрүнөн кем калышпастыгын маалымдады.

Депутаттар өкмөт өкүлдөрүн өз элинин атуулу болууга үндөп, ата мекендик көмүрдү өндүрүү иштерин колго алууга чакырышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан