Аалы Карашев: "Айрым акимдер мурда ачылган мекеме-ишканаларды 2015-жылы ачылган деп маалымат беришти"

Өкмөттүн 25-декабрдагы жыйынында биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев: "Айрым акимдер мурда ачылган мекеме-ишканаларды 2015-жылы ачылган деп маалымат беришти",- деп билдирди.

Анын айтымында, Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда 2015-жылы 15 ишкана ачылды. Алардын бири - экономикалык талаптарга ылайык салынган «Агропродукт Азия» логистикалык борбору. Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунда 11 мекеме ишке кирди. Алардын бири картошканы кайра иштетип, крахмал өндүрүүчү заманбап ишкана. Катаал жаратылыш шартына карабай Нарын облусунда да бир нече мекеме-ишканалар ачылды. Ак-Талаа жана Жумгал районунда үчтөн ишкана, ал эми Ат-Башы районунда заманбап ветеринардык клиника ишке берилди.

Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, Лейлек районунун акими Тилеберди Арипов райондо бир нече ишкана ачылгандыгы тууралуу маалымдаган. Текшерүүлөрдөн кийин алардын төртөө буга чейин эле иштеп келатканы белгилүү болгон. Базар-Коргон районунун акими да мурда ишке кирген 7 объект 2015-жылы ачылды деп маалымат берген. Ошондой эле Сузак районунун акими да буга чейин иштеген 8 ишкананы жаңы ачылды деп кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан