Өкмөттүн жыйынында Лейлек районунун акимин кызматтан бошотуу сунушталды

25-декабрда Кыргыз Республикасынын 1-Вице-премьер-министри Аалы Карашев Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин төрагалыгы астында өткөн өкмөттүн жыйынында сөз сүйлөдү.

"Өкмөт бардык облустардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана райондордун акимдерине ондон кем эмес мекеме-ишканаларды ачуу тапшырмасын койгон. Айрым акимдер бул тапшырманы аткара алышкан жок",-деди Аалы Карашев.

Мындан улам Лейлек районунун акими Тилеберди Ариповду ээлеген кызматынан бошотуу жана Сузак, Кара-Кулжа, Түп, Кочкор райондорунун акимдерине жана Талас районунун акиминин биринчи орун басарына сөгүш, аны менен катар Балыкчы шаарынын мэрине жана Базар-Коргон районунун акимине эскертүү берүүнү сунуштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан