25-декабрда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин төрагалыгы алдында өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администрациялардын жетекчилери-акимдер, шаар мэрлеринин катышуусу менен жыйын өттү.
Жыйында аймактарда жаңы ишканаларды пайдаланууга киргизүү маселеси каралды. Премьер-министр учурда дүйнөдөгү экономикалык кырдаал абдан оор болуп жатканын белгилеп, мындай учурда бийликтин бардык органдары өз ишин күчөтүшү зарыл экенин билдирди.
Маалыматка караганда, 2015-жылдын 9 айында экономикалык өсүш 3,6 пайызды түздү жана инфляциянын деңгээли 2,5 пайыз деңгээлинде болгон. Темир Сариев экономиканы ушул деңгээлде сактоо жана социалдык милдеттерибизди аткаруу үчүн аракет көрүү зарылдыгын белгилеп, бул иште аймактардын ролу чоң экенин айтты.
"Өкмөттүн бардык милдеттерин аткарыш үчүн жергиликтүү бийлик органдары активдүү жана мезгил талаптарына жооп бергендей иштеши керек. Элдин бийликке болгон ишенимин арттырып, бардык жарандардын бакубат, коопсуздукта жашашына шарт түзүү керек. Бул биздин негизги милдетибиз болушу кажет",- деди Темир Сариев.