Ошто балдар үйлөрүндө тарбияланган жана жер силкинүүдөн жабыркаган балдарга жаңы жылдык балатыда планшеттер берилди (фото)

Премьер-министр Темир Сариев бүгүн, 28-декабрда Ош шаарында балдар үйлөрү, интернат тарбиялануучулары, ошондой эле облуста орун алган жер силкинүүдөн жабыркаган балдар үчүн уюштурулган жаңы жылдык балатыга катышты.

Жаңы жылдык иш-чаранын алкагында балдарга Сариевдин атынан белектер тартууланып, окуу жана спорт жаатында мыкты ийгиликти багындырган окуучуларга президент Алмазбек Атамбаевдин атынан окууда пайдалануу үчүн планшеттер тапшырылды. Ошондой эле балдарга Бишкектен барган музыкалык балдар театры майрамдык маанай тартуулаганын өкмөттөн кабарлашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан