Окуучулардын кышкы каникулун көңүлдүү өткөрүүнү уюштуруу тапшырмасы берилди

Кышкы каникулда окуучулардын эс алуусун уюштуруу боюнча премьер-министр Темир Сариев тапшырма берди. "Окуучулардын кышкы каникулу дээрлик бир айга созуларын эске алып, аларга маданий жана спорттук программаларды иштеп чыгуу керек. Мектептердин алдында балдар күндүз баруучу лагерлерди ачуу маселесин карагыла. Бул иштерге жергиликтүү бийликтин башчылары кошулушу шарт. Бул балдарын карап турууга эч кимиси жок ата-энелерге жардам болот",- дейт Сариев.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигине балдарды тарбиялоо жана эс алдыруу боюнча иш-чаралардын комплексин иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Эскерте кетсек, быйыл окуучулардын кышкы каникулу 25 күнгө созулат (31-декабрдан 24-январга чейин).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан