Токтогул ГЭСинин 4-гидроагрегаты иштен чыгып, ГЭС токтоп калуу коркунучунда. Муну бүгүн, 29-декабрда SUPER.KG порталына энергетикалык эксперт Расул Умбеталиев билдирип, мындан ары кандай чара көрүү керектигине токтолду.
"Бул биринчи жолку авария эмес, мындан 3 жыл мурун, 2012-жылы да ГЭСтин №4-агрегаты аварияга учураган. Иштен чыккан агрегат бир аптада оңдолгон. 2015-жылдын 28-декабрында кезектеги авария болду. №4-агрегаттын трансформаторунан чыккан кабель жабыркады. Мунун кесепетинен суткасына 7 миллион 200 миң киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгарган төртүнчү агрегаттын иши токтоду.
Бул - өлкөнүн эң ири ГЭСинде бир аптанын ичинде болгон жогорку категориядагы экинчи авария. Мунун себептерин иликтеп, күнөөлүүлөрдү аныктоо үчүн тийиштүү мекемелердин өкүлдөрү кирген мамлекеттик комиссия түзүү зарыл",- дейт Умбеталиев.
Эксперт өкмөт кышка даярданууда элди алдап келгенин айтат.
"Кышка 100 пайыз даярбыз, өчүрүүлөр болбойт" дешкен, бирок даяр эмес экенин акыркы окуялар көрсөттү. Комиссия түзүп, күнөөлүү адамдарды жоопко тартпаса болбойт. Өздөрү текшеришсе, "жабдуулар эскириптир, басымды көтөрө албай калды" деп кутулушат. Жыйынтык чыкпайт, күнөөлүү адамдар ким экени билинбеген бойдон калат.
ГЭСтин жабыркаган кабели бир гана Францияда чыгарылат, аны алып келиш да кыйын. Буйрутма берилсе, бир жыл дегенде өлкөбүзгө алынып келинет. ГЭСтин жабдуусун Францияга алып барыш андан бетер кыйын. Жабдууну бүктөгөнгө болбойт, Төө-Ашуудагы тоннелден алып өткөнгө болбойт. Башка жолдорун караш керек",- деди Умбеталиев.
Энергетика адиси ГЭСтин 1-4-агрегаттарын тезинен оңдоп ишке киргизүү зарылдыгын белгилеп, кабелди алмаштырууга чейин аны оңдоонун жолдорун издөө керектигин айтты.
"Оңдоло турган болсо, ага деле 6-7 ай убакыт кетет. Айла жок, эми электр энергиясын чектөө башталат. Анан кышында жалдырап Казакстандан свет сатып алышат. Бизде энергетикалык тармак эмес, тармакты башкарууда кризис болууда. Энергетика министрлигин жоюп салышты. Биринчи энергетикалык холдингди түзүп, керектүү мыйзамдарды кабыл алып, анан жоюш керек болчу. Бүгүн же министрлик, же холдинг жок, тармакка жооптуу бирөө жок.
Министрликтин өкүлүнөн сурасаң, "биз Экономика министрлигине кошулганбыз, чатагым жок" деши мүмкүн. Кескин чараларды көрбөсөк, абал чатак",- деп билдирди Умбеталиев.