Жогорку Кеңештин VI чакырылышындагы депутаттардын 104ү кыргыз улутунун, 16сы башка улуттун өкүлдөрү. Парламенттен бүгүн, 29-декабрда билдиришкендей, башка улуттагы депутаттардын арасында: орустар - 4, өзбектер - 3, дунгандар - 3, уйгурлар - 2, казактар - 2, тажиктер - 1, татарлар - 1. 35 жашка чейинки 12 депутат болсо, 35 жаштан жогорку депутаттардын саны 108. Башкача айтканда, 35 жашка чейинки депутаттар жалпы депутаттардын 10 пайызын түзөт. Эң улуу депутат 64 жашта, эң жаш депутат 27 жашта.
Депутаттардын 94ү (78,3 пайызы) эркектер, 26сы (21,7 пайызы) аялдар.