Өкмөт башчы Бишкекте аскер кызматкерлерине курулуп жаткан үйдү көрдү

Премьер-министр Темир Сариев бүгүн, 29-декабрда Бишкектин 12-кичи районундагы аскер кызматкерлери үчүн курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушу менен таанышты. Өкмөт жетекчиси аскер кызматкерлерин үй менен камсыздоо жана аларга шарт түзүү мамлекеттин негизги милдети экенин белгиледи.

Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматы боюнча, 81 батирден турган аталган үйдүн курулушу “Аскер кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылуу” программасынын негизинде, 2015-жылдын 1-июлунда башталган. Учурда курулуш толук кандуу жүрүп жатат. Аталган аймакка 210 батирлүү үч көп кабаттуу үй курулат. Мындан тышкары Ош шаарында 210 батирлүү жана Баткен облусунда 90 батирлүү үй курулуп жатканы айтылды.

Мэрияга жаңы салынган үйлөрдү борбордук жылуулук тутумуна кошуу ишин тездетүү тапшырмасы берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан