Премьер-министр Темир Сариев алдыдагы майрам күндөрү маданий-массалык иш-чаралардын уюшкандык менен өткөрүлүшүн, ошондой эле коомдук жана өрткө каршы коопсуздукту сактоо чараларын камсыздоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Өкмөттүк аппараттан билдиришкендей, укук коргоо органдарына шаарлардын борбордук аянттарында, маданий мекемелерде, эс алуу жайларында, соода борборлорунда коомдук тартипти сактоо чараларын, ошондой эле маанилүү стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыздоону күчтөндүрүүнү тапшырды.
Мындан тышкары Билим берүү жана илим министрлигине жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигине кышкы каникул учурунда балдардын маданий эс алуу программасын иштеп чыгуу жана тийиштүү иш-чараларды уюштуруу милдети жүктөлдү. Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигине жарандар эс алуучу жайларды тез жардам берүүчү мобилдүү топтор менен камсыздоосу тапшырылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине абалды мониторингдөө, өрткө каршы коопсуздук эрежелеринин сакталышы боюнча чараларды күчтөндүрүү, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен биргеликте республиканын бардык ашууларында унаа жолдорунун иштөөсүн камсыздоосу тапшырылды.
Жергиликтүү бийлик органдары жана коммуналдык кызматтар бардык коммуналдык турак жай чарба тутумдарынын үзгүлтүксүз түрдө иштөөсүн камсыздоосу зарыл.
Өкмөт аппаратында жана башка мамлекеттик органдарда жаңы жылдык майрам күндөрү нөөмөт уюштурулат.