"Кечээ Адил Турдукулов аттуу активист "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге таянып, интернеттеги Фейсбук баракчасында "акыйкатчы кызматына талапкерлер депутаттарга 500 доллардан 1500 долларга чейин сунуштап жатышат" деген маалыматты таратууда",- деди бүгүн, 30-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чолпон Жакупова.
Анын айтымында, мындай маалымат Жогорку Кеңештин Регламент жана этика комитетинде каралышы керек, анткени ал жалпы парламенттин жана ар бир депутаттын аброюна шек келтирүүдө.
Төрага Асылбек Жээнбеков Жакупованын демилгесин колдоорун билдирди. "Өмүрбек Чиркешовичтин сөзү бурмаланып калбаш үчүн ал өзү келгенде муну түшүндүрүп берет деген ишеничтебиз",- деди Жээнбеков.