Бүгүн, 30-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында акыйкатчыны шайлоо өтүп жатат. Учурда талапкерлер депутаттарды өз программалары менен тааныштырышууда.
Башында акыйкатчы кызматына фракциялар жалпысынан 7 талапкерди сунуштаганы белгилүү болгон. Жыйындын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин мурунку чакырылышындагы депутаттар Абдыжапар Бекматов ("Бир бол") жана Нуркамил Мадалиев ("Кыргызстан") акыйкатчы кызматына талапкерликтен баш тартышканын айтышты. Ошентип, 5 талапкер калды. Алар:
Кубат Оторбаев (КСДП);
Мавлян Аскарбеков ("Ата Мекен");
Толкунбек Исаков ("Ата Мекен");
Рита Карасартова ("Республика-Ата Журт");
Алишер Мамасалиев ("Өнүгүү-Прогресс").