Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана кыргыз элин Жаңы жыл майрамы менен куттуктады.
Президенттик аппараттан бүгүн, 30-декабрда билдиришкендей, куттуктоо телеграммасында Нурсултан Назарбаев жалпы казакстандыктардын жана жеке өзүнүн атынан Алмазбек Атамбаевди жаңы 2016-жыл менен куттуктап, өлкө жетекчисине чың ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди, ал эми Кыргыз Республикасынын элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.
Кыргыз мамлекетинин башчысын АКШнын президенти Барак Обама да Жаңы жыл майрамы менен куттуктады. Обама президент Алмазбек Атамбаевге жана жалпы кыргыз өлкөсүнүн жарандарына ден соолук жана бакыт каалады.
Куттуктоолор Корея Республикасынын Президенти Пак Кын Хеден, Түркмөнстан Республикасынын Президенти Гурбангулы Бердымухамедовдон, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинден да келди.