Бүгүн, 30-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында акыйкатчыны шайлоо өтүп жатат. Учурда талапкерлер депутаттардын суроолоруна жооп беришүүдө.
Жыйындын жүрүшүндө депутат Тынчтык Шайназаров талапкерлерге "Сот арачылары институту кыргыз өлкөсүнө керекпи же керек эмеспи?" деген суроосун берген. Талапкерлердин бири Мавлян Аскарбеков муну анекдот менен түшүндүрүүгө аракет кылды. "Орус, украин жана кыргыз кармалып калат экен. Судья орус менен украинди соттоп, кыргызды соттобой эле атып салуу керектигин айтат. Судьянын досу андан "Эмнеге кыргызды соттогон жоксуң?" деп сураса, судья "кыргызды соттоп баштасаң, ал сенин алыскы тууганың болуп чыгып калышы мүмкүн" деп жооп берет. Ушул анекдоттогудай, сотторубузда ушундай көрүнүш болууда. Өлкөбүздө соттолуп жаткан жаран судьянын тууганынын тууганы болуп чыгып, соттук чечимдер мыйзамдын негизинде эмес, тууганчылык аркылуу чыгарылууда",- деди Аскарбеков.
Айта кетсек, парламенттин бүгүнкү жыйынынын башында акыйкатчы кызматына 7 талапкер болгон. Жыйындын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин мурунку чакырылышындагы депутаттар Абдыжапар Бекматов ("Бир бол"), Нуркамил Мадалиев ("Кыргызстан") жана Толкунбек Исаков ("Ата Мекен") акыйкатчы кызматына талапкерликтен баш тартышкан. Ошентип, 4 талапкер калды. Алар:
Кубат Оторбаев (КСДП);
Мавлян Аскарбеков ("Ата Мекен");
Рита Карасартова ("Республика-Ата Журт");
Алишер Мамасалиев ("Өнүгүү-Прогресс").