Депутат: "Акыйкатчы кызматына айрым талапкерлер көчөдөн эле алынып келингендей көрүндү"

Бүгүн, 30-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында акыйкатчыны шайлоо өтүп жатат. Учурда депутаттар талапкерлердин жооптору боюнча өз пикирлерин айтышууда.

Депутат Чолпон Жакупова "айрым талапкерлер көчөдөн эле алынып келингендей көрүндү" деген пикирин айтты. "Талапкерлер өз пикирлерин абдан эмоционалдуу айтышты. Парламент кимди тандаарын мен билбейм. Бирок талапкерди сунуштаган фракцияны эске албай, талапкердин саясий көз карашына эмес, анын кесипкөйлүгүнө көңүл бурууга чакырар элем. Ошондо гана Акыйкатчы институту мыкты жетишкендиктерге жетет",- деп кайрылды кесиптештерине депутат.

Айта кетсек, парламенттин бүгүнкү жыйынынын башында акыйкатчы кызматына 7 талапкер болгон. Жыйындын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин мурунку чакырылышындагы депутаттар Абдыжапар Бекматов ("Бир бол"),Нуркамил Мадалиев ("Кыргызстан") жана Толкунбек Исаков ("Ата Мекен") акыйкатчы кызматына талапкерликтен баш тартышкан. Ошентип, 4 талапкер калды. Алар:

Кубат Оторбаев (КСДП);

Мавлян Аскарбеков ("Ата Мекен");

Рита Карасартова ("Республика-Ата Журт");

Алишер Мамасалиев ("Өнүгүү-Прогресс").

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан