Президент, премьер-министр, спикер жана Жогорку Соттун төрайымы 2015-жылкы иштерди талкуулашты

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 30-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, премьер-министр Темир Сариев жана Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева менен жолугушуп, 2015-жылы өлкөдө жасалган иштерди жана кийинки жылга пландарды талкуулашты.

Алмазбек Атамбаев быйылкы жыл маанилүү окуяларга, аймакта жана дүйнөлүк экономикадагы татаал процесстерге жыш болгонун белгилеп: “Кыргыз мамлекети бир калыпта өнүгүү менен 2016-жылга мурдагыдан да кыйла туруктуу жана ишенимдүү кадам шилтеп жатат",- деп билдирди.

Жогорку Кеңешке шайлоолордун ачык жана таза өткөрүлүшү жылдын чоң жетишкендиги экенин, шайлоо жыйынтыгын эл аралык байкоочулар менен демократиялык институттар жогору баалаганын белгилеген президент: "Энергетикалык жана транспорттук көз карандысыздыкты камсыз кылуу боюнча олуттуу чаралар көрүлдү. Кыргыз мамлекети Евразиялык экономикалык биримдикке кошулду. Мунун баары экономикабыздын өнүгүшүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Улуттук экономиканы бекемдөө жана өлкөбүз экономикалык интеграция процесстеринин үзүрүн көргүдөй аракеттерди көрүшүбүз керек",- деп билдирди.

Президент 2016-жыл өлкө үчүн жеңил болбой турганын белгиледи. "Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жана экономиканы өнүктүрүү, жарандарыбыздын коопсуздугун жана бакубатчылыгын камсыз кылуу боюнча мындан ары да биргелешкен күч-аракеттер менен бардык зарыл чараларды көрүүгө тийишпиз",- деген мамлекет башчы бийликтин аталган үч бутагынын башчыларынын өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган иштерине ийгиликтерди каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан