"Акыйкатчы саясий көз караштарына карабай адам укуктарын коргош керек",- деген пикирин бүгүн, 30-декабрда журналисттерге жаңы шайланган акыйкатчы Кубат Оторбаев билдирди.
"Адам укуктары тармагында 3 чоң нерсе бар: адамдын эркиндигин коргоо, социалдык-экономикалык укуктар, жарандык жана саясий эркиндиктер. Ошондуктан акыйкатчы ар бир адамдын ээлеген кызматына карабай, саясий көз караштарына карабай, эгерде тийштүү мыйзам бузуулары болуп жатса, анын укуктарын коргоого аракет жасашы керек",- деди Оторбаев.
Мындан тышкары ал өлкөдөгү сөз эркиндиги тууралуу оюн айтты. "Башка мамлекеттерге салыштырмалуу биз эркин өлкөдө жашайбыз. Массалык маалымат каражаттары тармагында көйгөйлөр жок эмес, бирок бизде сөз эркиндиги бар. Болгону бул жерде журналисттер менен иштөө маселесинде айрым кемчиликтер бар. Тийиштүү мыйзам актылары аркылуу бул тармактагы маселелерди чечсе болот",- деген пикирде акыйкатчы.
Андан соң ал мигранттардын укуктарын коргоо пландары менен бөлүштү. "Расмий маалыматтарга ылайык, чет өлкөлөрдө 500 миңден 1 миллионго чейин Кыргыз Республикасынын жарандары жүрүшөт. Бул жаатта ишти күчтөндүрүш керек. Мигранттардын укуктарын коргоо боюнча өзүнчө түзүм түзүш керек деген план бар. Тышкы иштер министрлиги жана башка дипломатиялык жолдор аркылуу мекендештерибиздин көйгөйлөрүн чечүүгө аракет жасайбыз",- деди К.Оторбаев.