Алмазбек Атамбаев электр энергиясын импорттоо ишин кечиктиргендерди жазалоо тапшырмасын берди

Президент Алмазбек Атамбаев өкмөткө бүгүн, 30-декабрда электр энергиясы менен тынымсыз камсыздоо жана алдын ала чара көрбөгөндүгү, электр энергиясын импорттоо үчүн жаңы келишимдерди түзүү ишин кечиктиргени үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо тапшырмасын берди.

“Электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн мүмкүнчүлүктөр бар, ошолорду пайдалануу керек. Бул маселе ар дайым сиздин көзөмөлүңүздө болууга тийиш”,- деди мамлекет башчы премьер-министр Темир Сариевге.

Президенттин пикиринде, энергетиктер үчүн электр энергиясын импорттоого келишим түзүү ишин создуктурууга объективдүү себептер жок. Мунун кесепетинен мамлекетибиздин калкын электр энергиясы менен камсыздоодо мүмкүн болгон чектөөлөргө алып келди.

"Мамлекет башчысы буга чейин энергетика секторунун жетекчилерине бир нече ирет мындай келишимди даярдоо зарылчылыгын эскертип келген. Ушуга байланыштуу президент Алмазбек Атамбаев өкмөт башчысына тиешелүү кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароону сунуштады",- деп билдиришти президенттик аппараттан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан