Бүгүн, 30-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт демилгелеген “Кыргыз Республикасындагы Улуттук холдинг компаниялары жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралып жатат. Ага ылайык, өлкөдө Улуттук энергохолдинг түзүлмөкчү. Бул маселени кароодо 10го жакын депутат өкмөт өкүлүнө суроо берип жатат. Учурда жыйында "104 депутат катталган" деп белгиленип турат, бирок жалпысынан 20га жакын эл өкүлү отурат.
Айта кетсек, “Кыргыз Республикасындагы Улуттук холдинг компаниялары жөнүндө” мыйзам долбоору менен Улуттук холдинг компанияларынын укуктук абалы, ишинин жана башкаруунун тартиби, максаттары, милдеттери жана ыйгарым укуктары, Улуттук холдинг компанияларынын туунду компаниялары жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсү тартипке келтирилет.