Өлкөдө 2015-жылы 71 мектеп пайдаланууга берилгени айтылды

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин башчысы Турдубек Мамбетов 30-декабрда премьер-министр Темир Сариевге агенттиктин жасаган иштери боюнча отчёт берди. Быйыл республикалык бюджеттин капиталдык салымдар бөлүгүндө 38 объект куруу каралса, жыл аягында 98 объект курулуп, 25 мектептин ордуна 71 мектеп пайдаланууга берилгени айтылды.

Сариев өлкөдө курулуп жаткан, айрыкча республикалык бюджеттин эсебинен курулган курулуштардын сапатына жана өз убагында бүтүрүүгө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын билдирди. Кийинки жылы мектеп имараттарын курууда типтүү долбоорлордон башка, инновациялык мектептерди куруу жаатында иш алып баруу тапшырмасын берди. Агенттик жетекчисине 2016-жылы “Жеткиликтүү турак жай” программасынын негизинде курулган үйлөр боюнча активдүү иш алып барууну да тапшырганын өкмөттөн билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан