Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо заманбап технологияны колдонуу жолдору өкмөттө каралды

Кыргыз Республикасынын шайлоо системин өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун алгачкы жыйыны өттү. Өкмөттөн 31-декабрда билдиришкендей, жыйында жумушчу топтун мүчөлөрү "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоорун талкуулашты. Долбоордун максаты - жергиликтүү кеңештерге шайлоодо быйыл парламенттик шайлоодо колдонулган заманбап технологияларды жана механизмдерди колдонуу тажрыйбасын киргизүү. Башкача айтканда, биометрикалык систем аркылуу шайлоону ишке киргизүү.

Жыйында аталган долбоор боюнча БШКнын сунушу каралып, макулдашылды. Эми аталган сунуш парламенттин тармактык комитетине жиберилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан