Транспорт жана коммуникация министрлиги тармактык мекемелер менен биргеликте Жер кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун даярдап, Жогорку Кеңешке киргизди. Мыйзамдын максаты - "Баткен" Эл аралык аэропортуна убактылуу пайдалануу үчүн Баткен шаарынын аймагынан жер бөлүп берүү. Аталган документ менен жерди трансформациялоо маселеси чечилмекчи.
Долбоордун ишке ашуусуна Юстиция министрлиги, Мамлекеттик каттоо кызматы жана жергиликтүү бийлик органдары да кызыкдар экени айтылат Транспорт министрлигинин маалыматында. Документти өкмөт 2015-жылдын 27-октябрында жактырып, тийиштүү токтом кабыл алган.