31-декабрда Жогорку Кеңеште 2011-жылдын 28-мартында Москва шаарында кол коюлган "Москва шаарындагы Кыргыз илим жана маданият үйүн, Бишкек шаарындагы Орусия илим жана маданият үйүн уюштуруу жана алардын ишмердүүлүгүнүн шарттары тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Маданий борборлорду уюштуруунун негизги максаты - эки жактуу кызматташтык программаларды жүзөгө ашыруу, эки өлкөнүн ички жана тышкы саясаты, эки элдин турмушунда болгон окуялар, алардын маданияты жана тарыхы менен тааныштыруу, өз ара байланыштарды түзүүгө көмөктөшүү, илимий жана маданий мекемелер менен уюмдардын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү.
Маданият министрлигинин өкүлүнүн айтымында, Москвадагы Кыргыз илим жана маданият үйү Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигине караштуу болот. Москвадагы “Кыргыз биримдиги” коомунун жетекчиси жер маселеси чечилип калса, анын курулушуна демөөрчүлүк кылууга даяр экенин билдирген.